Орусияда чет элдиктерге карата жаңы талаптар жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Орусияда чет элдиктерге карата жаңы талаптар жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу sputniknews.ru жазып чыкты.

Орусиянын өкмөтү мигранттар үчүн орус тилин, тарыхын жана орус мыйзамдарынын негиздерин билүүнүн минималдык деңгээлине карата талаптарды бекитти.

Документ Орусиянын укуктук маалыматтарынын сайтында жарыяланып, ага өлкөнүн премьер-министри Михаил Мишустин кол койду. Бүгүн, 7-июнда, жарлык күчүнө кирди.

Резолюцияда патент менен иштөөгө арыз берген адам төмөнкүлөргө милдеттүү экендиги айтылган:

  • социалдык чөйрөдөгү, ошондой эле кесиптик жана маданий чөйрөдөгү айрым кырдаалдарда – жумушка орношууда, полицияга кайрылганда, ооруканаларга барганда байланышка болгон муктаждыкты аткара билүү;
  • мигранттар маектешинин билдирүүсүндө айтылган негизги маалыматтарды жазуу түрүндө гана эмес, кулактын күчү менен түшүнүп, темасын аныктоо керек;
  • социалдык, күнүмдүк, кесиптик же социалдык-маданий чөйрөгө байланыштуу тексттерди окуу;
  • анкеталарды, бланктарды жана башка ушул сыяктуу документтерди толтура билүү;
  • Өлкөнүн борбор шаарынын тарыхын, негизги иш-чараларды, ири шаарлардын аталыштарын жана ири мамлекеттик майрамдарды билүүсү шарт;
  • Мигранттар өлкөдө жүргөндө өздөрүнүн негизги укуктарын билип, милдеттери менен таанышуусу зарыл.

Бул талаптар Орусияда жашоого уруксат алууну пландап жаткандарга дагы тиешелүү.

Мындан тышкары, мигранттар Орусиянын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мыйзамдардын негизги принциптерин, аталган өлкөгө кирүү жана чыгуу эрежелерин, ошондой эле миграциялык эрежелерди сактабоонун кесепеттерин билиши керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.