Орусияда чет элдик абитуриенттер үчүн орундардын саны көбөйдү

Орусия өлкөсүндө чет элдик абитуриенттер үчүн квота көбөйдү. Бул тууралуу телеграмдагы Азия в центре каналы кабарлайт.

Анда, Орусиянын Билим берүү министри Сергей Кравцов Орусиянын ЖОЖдоруна кирүү үчүн чет өлкөлүктөр үчүн квоталардын санын көбөйтүү сунушу менен Владимир Путинге кайрылганы айтылат.

Кравцов өз докладында коронавирус пандемиясынан улам коюлган чектөөлөргө карабастан, чет өлкөлөрдө Орусиянын жогорку окуу жайларына кызыгуу өсүп жаткандыгын белгиледи. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн аракетин улантышууда. Кайрылгандардын көпчүлүгү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан.

Орусиянын президенти коңшу мамлекеттерден таланттуу жаштарды даярдоо “КМШдагы өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруунун абдан маанилүү компоненти” деп баса белгиледи.

“Бирок, бул жагынан алганда, албетте, биз орус тилин үйрөнүүнү колдоп, бул өлкөлөрдө орус тилинин өнүгүшүнө тийиштүү көңүл бурушубуз керек”, – деп кошумчалады ал.

Чет элдик абитуриенттер бир эле мезгилде Орусиянын бештен ашпаган университеттеринин ар кайсы факультеттерине онго чейин арыз бере алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.