Орусияда баңгизат менен жүргөн кыргызстандык кармалды

Орусиянын ички иштер министрлигинин Одинцово шаардык аймагындагы баңги заттарды контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери баңги зат сатууга шектелген 22 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМдин облустук башкы башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

Анда маалымдалгандай, аялдын жанынан 110 граммдан турган, 100 таңгак героин табылган.

Факт боюнча кылмыш иши козголду. Одинцово шаардык соту шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камады.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.