Орусия жаныбарларды Айга учурууну пландоодо

Орусиянын “Роскосмос” корпорациясы жаныбарларды Айга учуруучу космостук аппарат жасоону пландоодо. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышты.

Анда белгилүү болгондой, өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган документке ылайык, аппаратты жасоо иштери келерки жылдын 15-ноябрында башталып, 2023-жылдын 15-ноябрына чейин аякташы керек.

Жаныбарларды  ар кандай медициналык-биологиялык эксперименттерди жүргүзүү үчүн 315 миң чакырым алыстыкта жайгашкан Айдын Лагранжа чекитине алып баруу каралып жатканы белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.