Орусия: поезд менен автобус сүзүштү

Орусиянын Владимирская облусунда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд автобусту сүзүп алды. Кырсыктан кеминде 15тен ашык киши каза болгону айтылууда.

Маалым болгондой, кырсыктаган автобус рельске тыгылып калган. Аны катуу ылдамдыкта келген поезд сүрүп кеткен.

Учурда каза болгондордун арасында Өзбекстандын жарандары жана казакстандык айдоочу бар экени аныкталды. Алар автобуста бараткан болчу. Өзбекстандын жарандарын ташып бараткан автобус Казакстандан Москваны көздөй баратып, темир жолдон өтө албай өчүп калган.

Азыркы тапта кырсык болгон аймакта атайын адистер териштирүү иштерин жүргүзө баштады. Ал эми жараат алгандар жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Алардын так саны азырынча белгисиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.