Орусия Ооганстандан адамдарды эвакуация кыла баштады

Орусиянын коргоо министрлиги Ооганстандан Орусия, Украина, Өзбекстан жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген бир катар өлкөлөрдүн (Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан) жарандарын эвакуациялоону уюштурганын билдирди. Бул үчүн төрт аскердик транспорттук учак бөлүнгөн, алар азыр Ульяновскидеги аэродромдо даяр турушат.

Операциянын алкагында 500дөн ашуун адамды эвакуациялоо пландалууда. Бул тууралуу gazeta.ru басылмасы Орусиянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учактарда аскердик дарыгерлердин медициналык жана медайымдык бригадалары, ичүүчү суу, жууркан, жеке тамак рациону жана дары -дармектер бар.

Министрликтин билдирүүсүндө Ооганстанга учуулар качан аткарыла турганы көрсөтүлгөн эмес. Эвакуация боюнча буйрукту Орусиянын президенти Владимир Путин берген.

Ооганстандын дээрлик бардык аймагы азыр Талибан кыймылынын көзөмөлүндө, бир катар өлкөлөр өз жарандарын эвакуациялап жатат жана Кабул аэропортунда алар менен кызматташкан оогандар бар.

Талибан (*Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган террористик кыймыл) 15-августта, Кабулду басып алгандан бери, АКШ жана анын союздаштары Ооганстандын баш калаасынан он миңдеген адамдарды чыгарды.

Дагы канча адам эвакуацияланары тууралуу так маалымат жок. Талибандар эвакуациялык каттамдарга кийлигишпейт, бирок 31 -августтан кечиктирилбестен бардык чет элдик аскерлер Кабул аэропортунан кетет деп күтүп жатышканын бир нече жолу билдиришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.