Орусия М-12 Москва-Казан автожолунун курулушуна Кыргызстандан жумушчуларды тартат

Орусия М-12 Москва-Казан автожолун куруу үчүн Беларуссиядан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан 8 миңге жакын адистерди тартууну пландап жатат. Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллин билдиргенин tасс.ru. басылмасы жазды.

Белгиленгендей, «Биз дагы деле болсо кошумча эмгек ресурстарын алып келебиз деп ишенебиз. Азыр биз ал үчүн Беларуссия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен иштеп жатабыз. Азыр 15 миңдин ордуна 7 миңи иштеп жатат. Дагы 8 миң куруучуну жана ушул маршрут үчүн жыйнала турган дагы 2700 жабдууну чогултуу керек. Менимче, биз ресурстарды табабыз », – деди өлкөнүн премьер-министри.

Долбоор Орусиянын Москва, Владимир, Нижний Новгород облустарын, Чувашия жана Татарстан республикаларын европалык бөлүктүн жогорку ылдамдыктагы магистралдарынын тармагы менен байланыштырган узундугу болжол менен 800 чакырымга жеткен жогорку ылдамдыктагы автоунаа жолун курууну карайт. (M-11 “Нева”, Борбордук айланма жолу, M-3 “Украина”, M- 1 “Беларуссия”, M-4 “Дон”).

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.