Кыргызстандын Орусияга болгон бардык карызы жоюлду

Тиешелүү протоколго 20-июнда  Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюларын “Азаттык” жазды.

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар өлчөмүндөгү насыясын кечүүгө даяр экенин каржы министри Адылбек Касымалиев 24-апрелде “kabar24.kg” агентигине билдирген. Ал 240 миллион долларды кечүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатканын айткан. Мурдагы макулдашууларда жыл сайын 30 миллион доллардан жоюп туруу жөнүндө сүйлөшүлүп, ал 2025-жылга чейин созуларын, бирок тараптар кийинчерээк бул убакытты күтпөй эле карызды кечүү макулдашуусуна жетишкенин билдирген.

Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн эске салды. Ал эми Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары да күчөйт деген ишенимин билдирип, Кыргызстанда туруксуздук мезгили артта калганын белгиледи.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz