Орусия: кыргызстандык аял абакта, төрт айлык баласы ооруканага түштү

Кыргызстандын суроо-талабы менен 1-апрелде Орусиянын Москва шаарында КР жараны Н.Ж.ны  милиция кармап кетти. Аял азыр убактылуу кармоо жайында, энесинен ажыраган төрт айлык ымыркайы сыркоолоп,  ооруканага түшүп калды. Бул тууралуу маалыматты кармалган жарандын кызы  “Элдик кабарга” жиберди.

Кызы апасына жардам берүү үчүн Жалал-Абаддагы жердештерине кайрылып, аймактык милициядан маалымат тактоону өтүнгөн.

Айтымында апасын төрт жыл мурунку Кыргызстандагы окуядан улам кармашкан.

“Биз Жалал-Абадда жаңгак токой иштетчүбүз. Токой башчысы бир эле жерди эки адамга – бизге жана дагы бирөөлөргө берип салган. Ушундан улам апам жердин экинчи “ээлери” менен чатакташа кеткен. Окуя төрт жыл мурун болгон. Апам дароо эле Орусияга кеткен эле. Ошол боюнча эми кармашыптыр”, – дейт кызы.

Ал апасын кайсы милиция органы кармаганын азыр так айта албай койду. Бирок 48 саат ичинде баш коргоо чарасы аныкталараарын, азыр адвокат издеп жатканын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген