Орусия Борбордук Азиядан келген бардык мигранттарды каттоодон өткөрүүдө

Москвада кыргыз жана тажик мигранттардын катышуусунда болгон массалык мушташтан кийин полиция күн сайын Борбор Азия республикаларынын ондогон жарандарын каттоого алууда. Москванын ар бир районунда күнүнө он адам кармалат. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, чуулгандуу окуядан кийин Москва полициясы Москвадагы бардык эмгек мигранттарын текшерүүнү чечти.

Эми каалаган учурда патруль же участкалык кызматкер Борбор Азиядан жумушка келгендерди каттоодон өткөрүп, ошол эле учурда маалыматты тактап алышы керек – Кузьминкидеги окуядан кийин күтүлбөгөн жерден кимдир бирөө качып кетүүгө үлгүргөн.

Күн сайын кеңселерге ондогон мигранттарды алып келишет, алар сүрөткө түшүп, манжа издерин басып, алардын маалыматтары маалымат базасына киргизилет.

Эскерте кетсек, 12-июлда Москванын түштүк-чыгышында Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Ага ар кандай божомолдор боюнча 180ден 200гө чейин адам катышкан. Жүздөн ашуун адам полиция тарабынан кармалып, экөө ооруканага жаткырылды. Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы мушташтын катышуучуларына айып пул салынып, депортацияланарын билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяга реакция жасап, мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка жана мыйзамды сактоого үндөдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.