Орусия Баткендеги чырды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөдү

Москва Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалдын кескин курчушун тынчсыздануу менен байкап турат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымат жарыяланды.

«Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз, курман болгондордун тез сакайып кетишин каалайбыз. Биз тараптардын 30-апрелге караган түнү кагылышууларды токтотуу жана курч кырдаалды сүйлөшүүлөрдүн этабына өткөрүү, күчтөрдү жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү боюнча жетишилген макулдашууларын кубаттайбыз», – деп айтылат Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүндө.

Ал мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптарды – союздаштык жана жакшы коңшулук маанайда – кырдаалды нормалдаштырууга мүмкүндүк бере турган туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды.

«Биз Бишкек жана Дүйшөмбү биргелешкен жумушчу топ түзүү чечимин колдойбуз, анын курамына калк менен маалыматтык иш алып баруу, ошондой эле чек ара аймагында кырдаалды көзөмөлдөө кирет. Орусия Кыргызстан жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын принциптерине карманып, ар кандай талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр», – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.