Малайзиянын королу Мухаммад V Келантан Султан менен 2015 жылы «Мисс Москва» титулунун жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен болгон үйлөнүү тою Москва шаарында болуп өттү деп Islam News порталы билдирди.

Үйлөнүү тойдун кечеси 22-ноябрда Барвиха Концерт Холл концерттик залында болуп өттү. Белгилей кете турган нерсе, дасторкондордун үстүндө бир дагы спирттик  ичимдиги коюлбай, баардык тамак-аштар халал болгон.

Той учурунда келген коноктор сүрөттөр, видеолор менен социалдык тармактардан бөлүшүшкөн.

Rakyatku News басмасы билдиргендей, Воеводина үйлөнүү тоюна чейин эле ислам динин кабыл алып, хиджаб кийимде жүргөнүн байкашкан.

Оксана Воеводина «Мисс Москва» титулун 22 жашта алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген