FB Twitter YouTube Одноклассники

Орозо тууралуу дин менен медицина эмнелерди айтат?

Бүгүн Рамазан айынын он экинчи күнү. Орозо кармоо убактысы дээрлик 18 саатка созулуп жатат. Орозо айында көпчүлүк адамда “бул жерим ооруйт, орозо кармасам болобу же дарттымды күчөтүп аламбы?” деген суроо жаралат. “Ынтымак” орозо кармоонун медициналык жана мусулманчылыктагы эрежелерин чогултту. Суроолорго Ош шаардык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн дарыгери Эркин Сайпидинов жооп берди.

Орозо боюнча Ислам дини эмнелерди айтат:

Рамазан айында орозо кармоо – мусулмандардын парзы.

Жүрөктү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт.

Орозо адамдын ырайымдуулук жана кайрымдуулук сезимдерин ойготот.

Адамга сабырдуу болууну үйрөтөт

Орозо кармоого болбогон жагдайлар:

Алыскы жолго чыгуу

Ооруп калуу

Карылык

Аялдардын кош бойлуу кези, бала эмизүү

Орозону каза кылган учурлар:

Аялдарда айыздын келиши

Атайын тамактануу

Ооз жабык кезде жыныстык катнашка баруу

Ооз ачар боло электе ооз ачуу

Ооз бекитүү убагы өтүп кетсе дагы ооз жабуу

Орозонун даражалары

Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

1.Саарлыктан ифтарлыкка чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо. Бул орозо шарттары так аткарылганы үчүн дурус эсептелинет. Бирок мунун чыныгы максатына жетишүү үчүн орозо кармаган адам экинчи даражага жетишүүсү керек болот.

2.Биринчи даражада айтылып өтүлгөндөр менен бирге кулак, көз, тил, колу-бут жана башка органдарды күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бул орозо, органдарга таасирин тийгизген жана ээсин ахлактык улуулукка жеткирген орозо болуп саналат.

3.Биринчи жана экинчи даражалар менен бирге, жүрөгүндө Алла Тааладан башкага жай бербеген, жүрөгүн Алладан башкача атабоо менен кармалган орозо болуп эсептелинет. Орозодо эң жетишкен даража ушул деп бааланат.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан “Ынтымакта” мультимедиалык редакция түзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz