Орозодо фитир-садакадан чогулган акча муктаждарга берилди

Быйыл орозо айындагы фитир-садакадан жыйналган акча 1млн 725 миң сом болду. Ал акчаны муфтият жардамга муктаж 600гө жакын адамга берди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү алдында муктаж болгон жарандардын ар бири  3 миң сом өлчөмүнө акча алды.

Рамазан айында муфтиятка калктын аярлуу катмарынан жардам сурап, марыз менен кайрылгандардын саны жалпы 575 адамды түзгөн.

Чогулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген