Орозодо чогулган битир-садага кантип бөлүштүрүлөт?

Быйылкы Орозо айы майдын аяк ченинде башталып, садага битир берүү өнөктүгү жүрүп жатат. Учурда ар бир аймактагы  мечиттерде кутучулар орнотулуп, садага жыйналууда.

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, муктаждарга көбүрөөк жардам болуш үчүн эң жогорку баа менен битир берүү жакшы. Себеби Орозо айында берилген садаганын  башка айларга салыштырмалуу сообу көп болот. Ошондой эле динде битир адамдарды кырсык, оорулардан сактайт деп айтылат.

Чогулуп жаткан битир садаганы  мечиттерден жана муфтияттан түзүлгөн комиссия эсептеп алат. Жыйынтыгында ар бир аймакта чогулган каражаттын 50 пайызы райондук, облустук казыяттарга жана муфтиятка бөлүнүп турат. Алар акчаны кайра эле жардам сурап кайрылгандарга беришет. Ал эми калган 50 пайыз каражат аймактарда каттоодо турган  социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө берилет.

Белгилей кетсек, тургундар битир садаганы  Айт намазы окулганга чейин бериши керек. Өткөн жылы аймактардын арасында Ош шаарында эң көп акча чогулган. Жыйналган 1 миллион сомдон ашык каражаттын баары социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө таркатылып берилген.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча 2017-жылдагы битир садага киши башына 30 сом деп белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген