Орозодо берилүүчү фитир садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2019-жылы берилүүчү садака фитирдин өлчөмүн аныктады. Ага ылайык буудай, мейиз, ун, арпа жана курмадан канча килограмм берсе болорун жана анын сомго карата баасын да бекитилген.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү садака фитир киши башына 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген