Орозо айт 26-июнда белгиленет

Орозо айт 26-июнь, дүйшөмбү күнү белгиленет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, Ислам шариятында Орозо айт жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса орозо айт 25-июнь болушу  да мүмкүн.

Ал эми Кадыр түн кечеси  21-июндан 22-июнга караган түнү болот.

Сүрөт: Limon.KG

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген