Ормош Осмонов: Ош шаарындагы суу кампа иштен чыккан жок

Бул тууралуу Ош мэриясы тиешелүү кызматтар суу кампаны текшерип чыккандан соң билдирди.

“6 миң метр кубдук суу кампасын тиешелүү адистер текшерип чыгышты. Анын негизинде резервуар иштен чыкты деген күмөнгө негиз жок экени маалым болду. Суу кампа бузулган эмес. Ал тынымсыз эле иштеп жатат. Болгону үч күн катары менен Ак-Буура дарыясы ылайкалангандыктан резервуарда суу калбай калган. Ага суу толтурулгандан кийин кайрадан Кулатов жанан Ак-Тилек аймактарына суу бериле баштады”, – дейт Ош шаар суу канал ишканасынын башкы инженери Ормош Осмонов.

“Ош шаарындагы суу кампасы иштен чыктыбы”, – деген күмөн 2-5-апрелге чейин Ош шаарында таза суу берүү токтотулгандан улам келип чыккан. Бул тууралуу суусуз калган Кулатов жана Ак-Тилек аймактарындагы тургундардын “Ынтымакка” кайрылышкан.

[postleft id=’5740′]

Анткени аталган суу кампасы  60 миң калкты жаан-чачынга карабай суу менен камсыздашы керек болчу. Эске салсак, суу кампасы Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатынын негизинде курулуп, пайдаланууга берилген эле. Анда жергиликтүү бийлик мындан ары Ошто таза суу берүү үзгүлтүккө учурбайт деп шаардыктарды кубандырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.