Оорулуулардын ичине аба толтуруп өлтүрдү деп шектелген дарыгер камакка алынды

Италиянын Сицилия аралынын милициясы  бир нече адамды атайылап өлтүргөн деген айып менен тез жардам кызматынын дарыгерин камакка алды. 42 жаштагы дарыгер айыккыс оору менен жабыркаган адамдарды өмүрүнөн ажыраткан деп шектелүүдө.

Аталган окуядан кабардар болгон италиялык ЖМКлар  реанимациялык унааны “өлүмгө шаштырган тез жардам машинасы“ деп жазып чыгышты.

Шектүү жаран Сицилия аралынын чыгыш тарабында жайгашкан Катания шаарында колго түшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында маалым болгондой, тез жардамдын кызматкери оор абалда жаткан оорулууну үйүнө алып келе жаткан жолдо аба толтурулган укол жасаган. Организмине кирген абадан улам оорулуунун кан тамырлары кысылып, тез эле убакыттын ичинде каза болот.

Жансыз денени туугандарына алып келип, алардын нес абалынан пайдаланган дарыгер мафия менен байланышы бар, өлүктү көргө коюучу кеңсенин кызматын сунуштап келген. Берилген буйрутманы аткарган тез жардамдын кызматкери ар бир өлүк үчүн 300 евродон алып турган.

Милиция кызматкерлеринин билдиришинче, аты аталбаган дарыгер тез жардам кызматында 2012-жылдан бери иштеп, акыркы беш жылда 15тен ашуун адамдын өмүрүн кыйган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген