Оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Ош-Бишкек унаа жолунда оор жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди. Эми кечки саат бештен кийин чоң машиналар жолго чыга албайт. Буга жылдын башынан эле май ташыган унаалардын кырсыкка кабылышы себепкер.

Оор жүк ташуучу унаалар кырсыкка учурап, натыйжада май төгүлүп эле тим болбой, адам өмүрү да кыйылган. Айрыкча кырсык Бишкек-Ош трассасында оруна алгандыктан, жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы аталган унааларга түндө жолдо жүрүүсүнө тыюу салды.

Кара май жеткирген унаалар көрсөтүлгөн нормадан ашыкча жүк салып алгандыгы да кырсыктын келип чыгуусуна себеп болууда. Анткени өйдө-ылдый тайгак жолдордо айдоочулар рулду башкара албай калат. Ошондуктан, транспорт министрлиги унаадагы жүктөрдүн салмагын тыкыр көзөмөлгө алып жатат.

”Оор жүк ташуучу унаалардын максималдуу салмагы 44 тоннадан ашпашы керек. Нормадан ашып кеткен унааларга административдик айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү 10 миң сом. Анан тышкары жолго келтирген зыян-залакалардын өлчөмдөрүн да төлөшөт”,-дейт Транспорт министрлигинин кызматкери Арсланбек Касымалы уулу.

Өткөн жылы Кыргызстанда 6346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге жогору. Мындан сырткары ар кандай жаракаттарды алып, майып болгондордун саны да арбын. Көпчүлүк кырсык жүргүнчү ташыган 7 кишилик унаалардын катышуусунда болгон.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кубатбек Канатбековдун билдирүүсүндө, алыстан келген унаалар каттоодон өткөрүлүп, ошол эле күнү келип, кайра эле кардар алып артка кеткен айдоочуларга тыюу салынып жатат.

Бирок жогорудагыдай чектөөлөр жол кырсыгын азайтууга жардам бербейт дегендер да бар. Анткени өткөрмө бекеттерде бардык унааларды каттого алууга мүмкүн эмес. Анын ордуна узак жолго чыккан айдоочулардын саламаттыгын, спирттик ичимдик ичпегендигин текшерүү керек. Ошондо гана сапарда жүргөндөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлөөрүн айтат талдоочу Жылдызбек Турганов.

“Ар бир айдоочунун кан басымын текшерип, эс алдырап, анан гана кайрадан жолго чыкканга уруксат бериш керек. Азыр айдоочулар каалаган маалда, каалаган жерден кетип атышат”,-дейт Турганов.

Жол кырсыктарынын көбөйүшү-комчулуктун талдоосунда турган маселе. Айрым эксперттер буга 2011-жылдан бери аягына чыкпай жаткан “Коопсуз шаар” долбоорун жүйө келтиришет.Анткени өлкөнүн бардык жолдоруна видео байкагычтар орнотулуп, ар бир кыймыл көзөмөлгө алынмак. Ал эми өкмөт бул долбоорду кеңейтип, “Акылдуу шаар”деп өзгөртүп, жакын арада ишке киргизүүнү пландап жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.