Оор шартта жашаган балдардын маалымат базасы түзүлөт

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын маалымат базасын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өмүрбекова, өз убагында кийлигишүү жана ар кыл маселелерди чечүү максатында көрсөтүлгөн электрондук маалымат базасын түзүү зарылчылыгы бышып жетилгенин белгиледи.  Ал база түзүлсө, каттоо жүргүзүүгө жана ата-энесинен кароосуз тарбияланган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ошондой эле аларга карата катаал мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларында ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөөрүн да кошумчалады.

Маалымат база түзүүдө үймө-үй кыдыруулар жүрүп, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдар тарабынан мындай балдар тууралуу топтолгон маалыматтар электрондук  базага интеграцияланат.

«Жашоо шарты оор балдарды коргоо топтомдуу мүнөздөгү тейлөөлөрдү көрсөтүүнү камтыйт, буга байланыштуу маалымат базасы балдар менен өз ара аракеттешкен социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы министрликтер жана ведомстволорго, ички иштер органдары жана каттоо кызматтарына жеткиликтүү болушу керек», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Электрондук базанын модулун иштеп чыгууда балдар тууралуу маалыматтын жашыруундугун, тийиштүү мамлекеттик органдардын гана жеткиликтүүлүгүн камсыздоону эске алынат.

Буга байланыштуу Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын интеграциялашкан маалымат базасын иштеп чыгуу үчүн ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген