Оор атлетика: Эмиль Молдодосов Өзбекстанда өткөн турнирде 2-орунду алды

Кыргызстандык балбан Эмиль Молдодосов оор атлетика боюнча Өзбекстанда өтүп жаткан эл аралык турнирде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын оор атлетика федерациясы билдирди. 

Эмиль Молдодосов кечээ, 11-февралда 81 кг салмак категорияда мелдешке чыкты. Анда ал 333 кг көрсөткүч менен 12 балбан арасында экинчи болгон. Эмиль штанганын жогору көтөрүүдө 152 килограммды, ал эми силкип көтөрүүдө 181 килограммды багындырган.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдеш International Solidarity Championships аталышында Ташкент шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 12-февралда дагы кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков мелдешке чыгат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген