Оор атлетчи Бакдөөлөт Ирандагы турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык турнирде женүүчү болду. Бул тууралуу “Ынтымакка” КРнын Оор атлетика федерациясы кабарлады. 

International Fajr Cup аталышындагы эл аралык мелдеш азыркы учурда Ирандын Рашт шаарында өтүп жатат. Кечээ, 3-февралда, мекендешибиз 96 кг салмак чен бирдигинде катышып, 1-орунду алды.

Расулбеков ташты жогору көтөрүүдө 165 килограммды, силкип көтөрүүдө 206 килограмм салмакты багындырган. Жыйынтыгында Бакдөөлөт 371 килограмм салмак көрсөткүч менен өз салмагында бардык атаандаштарын артта калтырган.

Белгилей кетсек, бул турнирде спортчуларга дүйнөлүк рейтингде упай топтоо жана Токио олимпиадасына жолдомо алуу шарттары каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген