Оор абалдагы 22 мекендеш өлкөгө шашылыш кайтарылды

Бүгүн, 22-майда өлкөгө оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу 22 жаран ыкчам түрүндө кайтарылды.

Орусия тарап менен макулдашууга ылайык,“Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен мекендештерди алып келди.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылаары республикалык штабдан маалым болду.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар КРнын Президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген