Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Кичи жана Чоң ооган Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2021 -жылдын 7 жана 9 -октябрында президент Жапаровдун тапшырмасы менен Ооганстандагы оор кырдаалга жана материалдык -техникалык камсыздоого карабастан, Кичи жана Чоң ооган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга КР УКМКнын экспедициялык тобу гуманитардык жардам көрсөтүшкөн.

Белгиленгендей, Кыргызстан мурда тажик бийлигинин уруксаты боюнча колдонулган Тажикстандын аймагы аркылуу оптималдуу узундуктун жана салыштырмалуу коопсуздук коридорунун жоктугунан улам, КРнын өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык. Ооганстандын өзүндө алгачкы жолу гуманитардык жүктөрдү сатып алууну жүргүзгөн. Ооган кыргыздарына жеткирилген негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

“Иш-чаранын алкагында кыргыз экспедициясы этникалык кыргыздардын Ооганстан аймагы аркылуу коопсуз жашоосун жана эркин жүрүүсүн, ошондой эле Ооганстандын жараны катары аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоо боюнча макулдашууга жетишти”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.