Ооган бийлиги Кыргызстандагы памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү

Ооганстандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани памирлик кыргыздарга тез арада жардам жөнөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу jomhornews агенттиги жарыялады. Маалыматта айтылгандай, Президент Ашраф Гани Бадахшандагы кыргыз жердештери катаал климаттык шартта жашашаарын биле турганын айтып, айрыкча кыш мезгилинде олуттуу сыноолорду башынан өткөрүшөөрүн белгилеген.

Ооган лидери өлкөнүн түндүгүндөгү кыргыз мекендештерине чукул жардам жеткирүү боюнча шашылыш чараларды көрүүнү өлкөнүн биринчи вице-президенти Амруллах Салехге тапшырды жана 10 миллион афгани (11 млн сомго жакын) бөлдүрдү.

Шашылыш жардамды жеткирүү ишин уюштурууну Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин башчысы Гулам Жейлани жетектеген. Бөлүнгөн каражатка памирлик кыргыздарга керектүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар жеткирилди. Мындан тышкары ар бир тургунга 5 миң 478 сом өлчөмүндө жардам берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.