Онлайн режиминде ЖОЖдорго кантип жазылуу керектиги айтылды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өлкөнүн ЖОЖдоруна кирүү сынагына кантип катышуу керектигин маалымат жыйынында айтып берди.

Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн талапкерлер www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент онлайн» автоматтык маалыматтык тутуму (АИС) аркылуу билдирме бериши керек.

«Сайтта ЖОЖдорго кирүү үчүн онлайн режиминде каттоо үчүн бардык видео көрсөтмөлөр жүктөлүп, абитуриенттерге дагы, мектеп директорлоруна дагы жеке кабинетке кирүү үчүн логин жана паролдор жүктөлгөн. Бардык ЖОЖдор жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты, 2021-2022-жылдарга кабыл алуу планын жаңыртуу боюнча иштерди жүргүзүштү », – деди Нурлан Өмүров.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө порталга бүтүрүүчүлөрдүн 94 пайызы катталды.

Министрдин орун басары ошондой эле Исхак Раззаков атындагы КМТУнун базасында республиканын жогорку жана орто окуу жайларына онлайн режиминде жазылууга техникалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн 1818 кыска номери иштеп жаткандыгын кошумчалады. Чалуу акы төлөнөт.

Онлайн режиминде катталуу боюнча бардык суроолорду abiturientonline2021@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Сынакка негизги тесттен жогору упай топтогон талапкерлер катыша алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.