Онкологиясы бар бейтаптар COVID-19га каршы вакцина алышса болобу?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун илим боюнча орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков онкология менен ооругандар COVID-19га каршы вакцинаны алса болобу деп айтты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги билдирди.

Анда Сүйүтбек Дөөлөтбековдун айтымында, рак менен ооругандар үчүн коронавирустук инфекциянын коркунучу башкаларга караганда болжол менен 2 эсе жогору.

“Тилекке каршы, бул кезге чейин ушул категориядагы COVID-19га каршы эмдөө боюнча сунуштарды бере турган бир дагы изилдөө жок, бирок рак оорусу менен ооругандардын коронавирус илдетинен келип чыккан оор натыйжаларына жана өлүмдүн санына таяна турган болсок, эмдөө керек”, – деди Дөөлөтбеков.

Ал белгилегендей, бир нече жыл мурун дарылануудан өткөн онкологиялык оорулуулар бар жана азыр оору ремиссия мезгилинде, аларды дарыгери менен кеңешкенден кийин эмдөөгө болот.

“Бирок, иммундук системаны бир кыйла төмөндөтүп жибериши мүмкүн болгон ракка каршы дарылоону талап кылган экинчи топтогу бейтаптар (химиотерапия, нур терапиясы, хирургия) бар. Мындай шартта вирустук инфекциянын курчушу мүмкүн жана экинчи жагынан, эмдөөнүн натыйжалуулугу төмөн болушу мүмкүн.

“Кандай болгон күндө дагы, мындай бейтаптар эмдөөчүгө талапкер катары каралышы керек, ар дайым дарылоочу дарыгер менен биргеликте потенциалдуу артыкчылыктардын жана мүмкүн болуучу тобокелдиктердин балансын кылдаттык менен баалоо керек “, – деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда биринчи жолу рак оорусу менен ооруган 5377 адам каттоого алынып, 3539 адам көз жумган, 28 миң 586 адам каттоодо турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.