Онкологиялык оорулуулардын дары-дармегине 160 млн сом бөлүндү

Өкмөт онкологиялык ооруларга чалдыккан жарандар үчүн 160 млн сом бөлдү. Бөлүнгөн сумманын 100 млн сому чоң адамдар үчүн болсо, 60 млну жаш балдар үчүн медициналык каражатка жумшалат. Бул тууралуу республикалык штабдан белгилүү болду.

Буга чейин чек аралар жабык болгон үчүн залалдуу шишиктерге жана гемотологияга каршы дары-дармектерди өлкөгө алып келүү кечигип жаткандыгы маалым болгон.

УОГБдун жетекчилиги зарыл болгон дары-дармектер бар болсо же препараттарды кыска мөөнөттө алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралса эле түз келишим түзүү жолу менен сатып алуу үчүн бардык фармкомпанияларга кайрылат.

Кыргызстанда абактагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүү сунушталды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.