Ошто онкологиялык ооруларды акысыз текшерип жатышат

Аялдар арасында көкүрөк бези жана жатын моюнчасы дартына кабылгандар көбөйүүдө.  Өткөн жылда аталган оору боюнча кайрылган жарандардын саны 160ка чукулдаган. Бул көрсөткүч 2016-жылга караганда 10 пайызга өскөн. Көпчүлүк учурда аялдар ооруну убагында билбей калгандыктан, өтүшүп кеткен соң кайрылышат. Ушул нерсени алдын алуу максатында Оштогу облустар аралык онкологиялык борбору бир жумалык акысыз текшерүү акциясын башташты. 

Аты-жөнүн айткысы келбеген бул айым көкурөк бези оорусу менен 2 жылдан бери алышып келет. Дарыгерлердин айтымдарында, ал ооруну өз убагында билбей калып, өтүштүрүп жиберген. Учурда ар алты ай сайын дарыгердин кароосунан өтүп, узиге түшүп турат. Бүгүн биринчи ирет акысыз текшеруу акциясына туш келди.

-“Мен бардык аялдарга кайрылып кетким келет. Убагында дарылануудан өтүп туруш керек экен. Айрыкча Мастопати́я менен ооругандар. Мен бүгүн бул жерде акысыз текшерүү болгонун билбедим эле. Дарыгерлер он күндөн кийин келип текшерил дегенден соң келип отурам”,-деди бейтап.

Өткөн жылы эл аралык иликтөө боюнча, аялдар арасында жатын моюнчасы жана көкүрөк бези илдети көбөйгөнү аныкталган. Алдын алуу максатында Оштогу облустар аралык онкологиялык борбору 1 жумалык акысыз текшерүү акциясын башташты. Аталган борбор мындай акцияларды  5-февраль онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү күнүнө карата жыл сайын өткөрүп келишет.

-“Көп эле аялдар көкүрөк бези, жатын моюнчасы, жатын моюнчасынын патологиясын көз менен көрүүгө болбойт жана кол менен кармаганда анча сезилбейт. Аны убагында билбей калган жарандар өтүшүп кеткен учурда бизге кайрылып жатат. Ошол нерсени алдын алуу максатында биз ушул акцияны уюштуруп атабыз”-деп белгиледи  Оштогу облустар аралык онкологиялык борборунун башчысынын орун басары Зарипа Паизова.

Акысыз текшерилүүгө келгендер биринчи күнүндө эле арбын болду. Баары баштан аяк медициналык кароодон өтүп жатышат. Эки саат ичинде 20дан ашык аял кайрылышса, 8инде дарт жаңы аныкталды. Калгандары өнөкөт ооруга айлантып жиберишкен.

-“Эми текшерүү өткөндөн кийин алардын дарттары аныкталат. Биз УЗИнин жана маммографиянын жардамы менен алардын диагноздорун так чыгарып берүүгө аракет кылып атабыз. Аны менен катар кандай дарылануу керектигин түшүндүрүп, жардам беребиз”,- деп билдирди Оштогу облустар аралык онкологиялык борборунун дарыгери Гүлмайрам Арапбаева.

Адистердин айтымдарында, аялдар көпчүлүк учурда көкүрөк бези жана жатын моюнчасы оорусун өз убагында биле беришпейт. Айрыкча көкүрөк шишигин атайын аппараттын жардамы менен гана байкоого болот.  Дартты аныктоодо  УЗИ жана Маммография апараттарынан өтүү 1500 сомго чейин болсо, бүгүн көрүнүүгө келгендер үчүн акысыз.Бул акция Ош шарындагы онкологиялык борбордо, 10-февралга чейин уланат. Каалоочулар аталган жайга таңкы сегизден тушку саат экиге чейин кайрылышса болот. Ал жерде денедеги бардык шишик оорулары текшерилип, жарандар өзү билбей жүргөн дарттарды аныктап,  алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген