Он алты жылда бүтпөгөн курулуш, ооруканага зарыккан эл

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты 1972-жылы курулуп, алгач райондук макамга ээ болуп турган. Облустук деңгээлге көтөрүлгөнү менен 15 жылдан бери имарат эски бойдон кала берген. 

Шарттар каралбагандыктан, жаш кадрлар тартылбай, адистер  да жетишсиз. Кээ бир бөлүмдөр жок болгондуктан, бейтаптар Ошко же борборго барууга аргасыз.

“Кардиология жок. Ошко же Бишкекке барабыз. Мына Тажикстандын кичине районунда кардиология бар. 500 миң калкы бар райондо кардиология жок болгону кандай? Азыр элдин баары жүрөк оорусу менен ооруйт”, – деди Баткен шаарынын тургуну Камал Сафаров.

“Кезек күтүү көп болот. Кээде кезек жеткенче иш убактысы бүтүп калат. Башка клиника жок, аргасыздан келебиз”, – дейт Баткен районунун тургуну Гулбайра Нишанбай кызы.

Абалдан чыгуу үчүн Баткен облусуна үй-бүлөлүк медициналык борбор курула баштаган. Бирок 15 жылдан бери пайдаланууга берилбей турат.

Эки кабаттуу эки корпустан турган поликлиниканын курулушу 2001-жылы башталган. Учурда анын 80 %ы аяктап, ушул жылы толук бутөөрү пландалган. Тилекке каршы, бул жылы да бүтпөй калды. Эми кийинки жылы  пайдаланууга берилет деген убадалар айтылып жатат.

“Баткен облус болуп түзүлгөн кезде медициналык борборду Чүй облусу кура турган болгон. Бирок пайдубалы түптөлгөндө жумуш кайра токтоп калган. Курулуш 14 жыл дегенде жанданып, азыр 80% иш аткарылды”, – деди Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Абдилаким Абдуллаев.

Имарат колдонууга берилсе, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жаңы имаратка көчүрүлөт. Анда бардык шарттар каралып, урология, кардиология жана кулак-мурун бөлүмдөрү да кошулат.

“Заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, 400 дөй кызматкер иштейт. Башка облустардан адистер келип иштешсе, аларга жатаканалар да каралган”, – деди Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун  директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Арзыбек Бөрүбеков.

Үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулушу аягына чыкпай, мындагы иштерди улам башка куруучу компаниялар уланткандыктан, долбоорго канча каржы сарпталганы анык болбой турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген