Омикрон штаммынын белгилери кандай болот?

Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы.

 «Дельтадан» айырмасы:

– мутациясы көп (б.а. белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)
– жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Япониялык окумуштуулардын айтымында, «омикрон» дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.

Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.

Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок! Жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору.

Инкубациялык мезгил — бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.