Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин спортчу Каныкей Кубанычбекова көтөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, буга улуттук курама команданын капитаны, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Атабек Азисбековдун Олимпиада оюндарынын ачылышына жетүүгө үлгүрбөй калганы себеп болууда.

“Өз кезегинде Кубанычбекова буга чейин Токиого жеткен жана ал жерде азыркы учурда Кыргыз курама командасынын 2 спортчусу бар”, – деп белгилешти департаменттен.

Эске салсак, жайкы олимпиада оюндарынын ачылышы Япониянын борбору Токиодо 2 күндөн кийин болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.