Олимпиада оюндарына күрөш боюнча аялдардын тобу жөнөп кетти

Бүгүн, 28-июлда үч кыздан турган Кыргызстандын күрөш боюнча аялдар командасы Олимпиада оюндарына Токиого жөнөп кетишти. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, оюндарга Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышышат.

Команданы курама топтун башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ошондой эле улук машыктыруучу жана Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев коштоп жүрөт (ал депутат болгонго чейин улук машыктыруучу болгон).

1-августта Айпери Медет кызы, эртеси күнү Мээрим Жуманазарова, 3-августта Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгышат.

Бир күн мурун Олимпиадага грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атазбек Азисбеков жана Узур Жузупбеков кетишкен. Аларды коштоп башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоков учуп кетишти.

1-августта грек-рим күрөшү боюнча балбандардан алгачкы болуп Шаршенбеков мелдешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.