Олимпиада 2020: Мээрим Жуманазарова биринчи кармашта акыркы секундада жеңди

Бүгүн, Токио Олимпиадасында кыз-келиндердин эркин күрөшүнүн экинчи күнүндө Кыргызстандын намысын 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова коргоду. Анын атаандашы Болгариянын өкүлү Мими Христова болду.

Акыркы секундадагы күрөштө Мээрим Жуманазарова 6:5 эсеби менен жеңишке жетти. Кыргызстандык спортчу чейрек финалга жолдомо алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.