Олимпиада – 2020. Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду

Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 килограмм салмак ченинде күрөш боюнча мелдешке чыгып, күмүш медалын жеңип алды.

Ал япониялык Юкако Каваига 3: 4 эсебинде утулду.

Буга чейин балбан кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны (8: 0), румыниялык Криста Инсени (6: 0) жана украиналык Ирина Коляденкону (10: 0) эсептери менен утуп алган.

Кечээ күнү кыргызстандыктар эки медалга ээ болушкан – коло медалын Мээрим Жуманазарова жана күмүштү Акжол Махмудов тагынышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.