Олимпиада-2020: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Бүгүн, 3 -августта Токиодогу Олимпиада оюндарында 62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык беттеште украиналык атаандашы Ирина Коляденкону ишенимдүү түрдө жеңди.

Ошентип, Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалына жолду камсыздады.

Айсулуу Тыныбекованын жеңиши Кыргызстандагы кыз -келиндер күрөшү үчүн тарыхый мааниге ээ.

77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында финалга чыкты. Бүгүн ал алтын үчүн күч сынашат.

Мээрим Жуманазарова эки сааттан кийин Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.