Окуучусуз калган мектеп

Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылындагы мектепке быйыл биринчи класска окуучу барган жок. Буга айылдагы электр энергиясы жоктугу себеп. Шарттын начардыгынан  көпчүлүгү шаарга  жакын жердеги мектептерге агылышкан.   

Аталган айылдагы Манап Чыйбылов атындагы мектеп 2017-жылы  200 орунга ылайыкташып курулуп колдонууга берилген. Былтыркы окуу жылында 107 окуучу билим алган. Быйыл болсо 80 гана окуучу калды.

“ Бул сандар кийинки жылы мынданда азайып кетүү коркунучунда турат. Анткени интернет кулач жайып технология өнүккөн  мезгилде бизде интернет эмес электр жарыгы да жок. Мындан улам убакыттын өтүшү менен жаштардын шаарга жакын аймактарга болгон агымы күч алууда. Аларды кармап кала алган жокпуз. Айла жок быйыл класстарды жапканга туура келди”,-дейт мектеп директору Абдыкадыр Чыйбылов.

Директор быйылкы жылы биринчи класска бир дагы окуучу келбегенин кошумчалайт. Мындан сырткары, жогорку класстын окуучулары да кайткан эмес.

“Биз информатиканы китептен гана окуйбуз. Компьютерди такыр иштеткен эмеспиз.  Азыр үй тапшырмаларын күндүзү даярдап алганга аракет кылабыз. Болбосо кечинде окуй албайбыз”- дейт 7-класстын окуучусу Бүбүсара Садык кызы.

Базар-Коргон менен Сузак райондорунун ортосунда жайгашкан Жаз-Кечүү айылында  130 түтүн жашайт. Айыл түптөлгөндөн бери эле электр жарыгы тартылган эмес. Кышы алты айга созулуп, жол да жабылып калат.Климаты катаал айылдын жашоочулары ушул күнгө чейин кайрылбаган жери калган эмес.  Азыр эми мектептери да жабылуу коркунучунда.

https://www.youtube.com/watch?v=KR41YSy10eA&feature=youtu.be

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген