Окуучуларды кемсинткен мугалим иштен айдалды

Нарын облусунда Миң-Куш айылынын мектебинин мугалими окуучуларды “Байкуштар, кессе кан чыкпайт!” – деп кемсинткени үчүн иштен айдалды.  

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстандын бардык мектептериндеги мугалимдерге профессионалдык этиканын нормаларын сактоо буйругун жиберди. Министрдин буйругунда балдарга карата психикалык, эмоционалдык жана физикалык күч колдонууга катуу тыюу салынган. Мектеп жетекчилерине педагогикалык кеңештерди өтүп, жаңы чыккан буйрук менен ар бир мугалимдин таанышып чыгуусун тапшырды.

Мындай  буйрук чыгып, тез арада ишке ашсын деген бекем талаптын коюлушуна Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын мектебинде жаңырган мугалимдин ачуу үнү  түрткү болгон.

Перизат Курманкожоева мектепте өтүүчү жарманкеге тамак-аш алып келбегени үчүн окуучуларды басынтып: “Силерден кессе кан чыкпайт, бармагыңарды кесип, каныңарды жалайсыңар!” – деген жагымсыз сөздөр менен урушкан. Мугалимдин айткан сөздөрүнүн баарын диктофонго жаздырып алып, социалдык тармактарга окуучулардын бири жүктөп койгон.

Натыйжада 381-берененин негизинде Перизат Курманкожоева иштен бошотулду.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar