Окуучулар жазгы каникулда он күн эс алышат

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жазгы каникулу он күн болоорун билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы кабарлады.

“Базистик окуу планга ылайык, Кыргызстандын мектептеринде жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин созулат”,- дейт министрлик.

Окуучулар 10 күндүк эс алуудан кийин 31-марттан баштап окууга чыгышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген