Окуучулар жана студенттер үчүн сынак жарыяланды. Шарттары

Орто мектеп окуучулары, ЖОЖдордун студенттери арасында “Мыкты видео же маалыматтык медиа продукт: плакат, ыр, флешмоб ж.б. жеке маалыматтарды коргоодо ” сынагы жарыяланды.

Катышуучулардын бардык чыгымдарын уюштуруучулар каржылайт.

Мектептеги жогорку класстардын окуучуларын, ЖОЖдордун студенттерин персоналдык маалыматтарды коргоону чыгармачылык мамиленин, маалыматтык эмгектин жардамы менен үйрөтүүгө жана жайылтууга чакырабыз.

Сынакка катышуу үчүн талапкер 3 мүнөттөн ашык эмес видео Тик-Токто же Инстаграмдагы аккаунт баракчага  #Жашыруункүндүнкүштөрү #Privacydayforkids хештегин белгилөө менен жарыялоо керек. Андан кийин ар бир катышуучуга жеке номер берилет.

Катышуу үчүн арыздар 2021-жылдын 21-апрелине чейин кабыл алынат.

21-апрелден 27-апрелге чейин калыстар тобу эң көп көрүлгөн жана лайк топтогон эң кызыктуу өнүмдөрдү тандап, сынактын алты жеңүүчүсүн аныкташат. Тик-Ток тиркемесинде жарыяланган өнүмдөрдүн үч жеңүүчүсү, Инстаграм тиркемесинин үч жеңүүчүсү.

Жеңүүчүлөр 27-апрелде өтө турган балдар үчүн купуялуулук күнүнө арналган конференцияга ардактуу коноктор катары катышууга чакырылат жана иш-чарада орундарына жараша расмий түрдө акчалай сыйлыктар менен сыйланат

Мелдештин байге фонду 80 000 сомду түзөт.

Тик-Ток

1-орун – 20 000 сом

2-орун – 12 000 сом

3-орун – 8 000 сом

Instagram

1-орун – 20 000 сом

2-орун – 12 000 сом

3-орун – 8 000 сом

Сынак Фейсбуктун, Канаданын SecDev Фондусунун жана Сорос Кыргызстан Фондунун колдоосу менен “Интернет саясатындагы жарандык демилге” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, жеке маалыматтарды коргоо жана купуялуулук укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.