Окуучу кыздын окуясы боюнча иликтөө жүрүп жатат

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүндө алты айлык боюнда болгон 10-класстын окуучусунун баласы өлүк төрөлгөн. Ошол эле күнү төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан милицияга кабар берилген.

Окуя Ноокат районунда болгону белгилүү болгон. Бирок качан болгону азырынча айтыла элек.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү чогултулган материалдарды Ноокат райондук милициясына өткөрүп берген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген