Окуучу баланын өлүгү өз үйүнөн табылды

Окуучу баланын ѳлүгү ѳз үйүнѳн табылды.  2017-жылдын 29-ноябрь күнү, болжол менен саат 02.00дөр чамасында окуя болгон үйгѳ барган «Тез жардам» кызматы тарабынан, милиция кызматкерлерине Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн тургуну,  Ф.Ю. ѳз үйүнүн уктоочу бѳлмѳсүндѳ каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү-тергѳѳ тобу, башкармалыктын жетекчилиги барганда, маркум ѳспүрүмдү ѳзүнүн уктоочу керебетинде жаткан жеринен көрүшкөн. Ѳлүктү кароо учурунда денесинде кѳптѳгѳн тактар бар болгон. Учурда баланын денесиндеги тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Маркум Ош шаарындагы мектептердин биринде 6-класста окуган. Ушул эле күнү, бул кылмышка шектүү катары, айрым бул үй- бүлѳнү жакшы билген адамдардын «баласына кѳп зомбулук кѳрсѳтчү» деген кѳрсѳтмѳсүнѳ таянып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан маркумдун атасы кармалып, Кыргыз Республикасынын жаза процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Аталган мѳѳнѳт аяктаган соң,бүгүн күндүн экинчи жарымында, баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.

Учурда бул факт боюнча КР КЖКнын 104-беренеси менен (адам ѳлүмүнѳ алып келген денеге оор залал келтирүү) кылмыш иши козголду. Тергѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ аныкталган кошумча жагдайлар тууралуу Ош ШИИБнын маалымат кызматы тарабынан кошумча билдирилет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.