Окумуштуулардын ойго келбес изилдөөсү. Күлүп да арыктаса болобу?

Окумуштуулар изилдөө  жүргүзүп көрүп, таң калаарлык жыйынтыкка келишкен. Алар ашыкча салмактан арылууну каалаган адамдарга арыктоонун өзгөчө ыкмасын сунушташты. Бул үчүн организмди оор көнүгүү же түрдүү машыгуулар менен кыйнабай эле койсо болот. Белгилүү болгондой, күлкүнүн жардамы менен дене мүчөнү каалагандай формага келтирип алууга болот экен. Бул тууралуу “Ортодокс” медициналык булагы  жазып чыкты.  


Ашыкча салмактан арылуунун мындай өзгөчө ыкмасы, АКШдагы Вандербильт университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан аныкталган. Алар кантип мындай жыйынтыкка келишкен? Эң эле кызыгы, аталган окуу жайдын окумуштуулары арыктоонун универсалдуу ыкмасын табууну максат кылган эмес. Алар жөн гана күлкүнүн организмге тийгизген түрдүү таасирлерин изилдешкен. Окумуштуулар  заманбап, табигый ыкмалардын жардамы менен адамдардын денесиндеги бардык өзгөрүүлөрдү күзөтүп, соңунда күлкү денедеги ашыкча калориялардан арылтаарын аныкташкан.


Алынган маалыматтарга таянсак, адам бир күндө 15 мүнөт күлсө, жылына 2 килограмм ашыкча салмактан арылат. Дал ошол 15 мүнөттүк күлкү 280 калорияны жоготот. Күлгөн учурда денедеги булчуңдар да иштей баштайт.

Андыктан, күлкүлүү, комедиялык жанрдагы фильмдерди көбүрөөк көрүңүз. Бул жеңил көнүгүүлөрдүн ордун толуктайт. Күлгөн кезде жүздөгү 80 ден ашык булчуң кыймылга келет. А жөн гана жылмайган учурда – бул көрсөткүч бир кыйла төмөндөп, булчуңдардын он жетиси гана иштейт.

 

Күлгөндү жакшы көргөн адамдар башкаларга салыштырмалуу ашыкча салмактан батыраак арыла алышат. Мунун бир себеби бар – ал да болсо, “ырахаттануу” гормону. Күлгөн инсандын маанайы көтөрүлүп, стресске да аз чалдыгат. Көпчүлүгү стресске кабылган кезде тамактануусун көзөмөлдөбөй, ашыкча калорияларды жыйнап алышат.

Жыйынтыгында ашыкча салмактан арылам деген ар бир адам көнүгүүлөрдү эле жасап тим болбой, күлүп да турушу керек экен.

Макала жакса досторуңуз менен бөлүшүңүз!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген