Окумуштуулар Ысык-Көл суусунун сапатын кантип көзөмөлдөшөт?

Көп жыл мурун Ысык-Көлдүн тереңиндеги суу сапатын төрт жылда бир гана жолу текшеришчү, кийин акча жоктугунан бул иш такыр эле токтоп калган. Азыр мониторинг кайрадан башталды. Окумуштуулардын айтымында, 20 жылда жалпысынан суу кирдеп кеткен жок, бирок адамдардын көлгө тийгизип жаткан таасири жакшы эмес, кесепети кийин сезиле баштайт. Окуяны “Ынтымактын” өнөктөшү «Ливень. Living Asia» айтып берет.

Кыргыз Ысык-Көлү таң калдырбай койбойт – тоо кыркаларынын арасында дүйнөдөгү эң ири көлмө орун алган, андагы суу шамал жок маалда туптунук. Ал эң терең көлдөрдүн катарында алтынчы орунда турат, а жергиликтүү тургундар болсо Ысык-Көлдү деңиз деген жайы бар, анткени кээде аркы жээкте булуттар тоо кыркаларын каптаганда көл чыныгы океандай чексиз сезилет.

Күн, таза суу жана кумдуу жээктерден тарта кыпкызыл кууш өрөөндөр туристтерди өзүнө тартат. Жергиликтүү тургундар, албетте, мындан акча таап калууга ашыгышат. Кыска жайкы сезондо табылган акча көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн негизги киреше. Андыктан жээктеги  ири пансионат санаторийлерден башка ондогон конок үйлөрү курулууда.

Туризм өнүгө баштаган маалда – 90-жылдарда көл суусун көзөмөлдөө да токтоп калды. Кыргызстанда акча жок эле. Акыркы бир нече жылдан бери бул иш «KGZ-Суу/Ысык-Көл» долбоорунун алкагында жаңыланды. Программаны Финляндия өкмөтү колдоого алган. Аны Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги менен Кыргызгидромет Фин айлана-чөйрө институтунун катышуусунда ишке ашырып жатат.

“Адам – табият жараткан нерселердин жакшысы эмес”, – деп үшкүрүнөт Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери. – Ал бузулчунун баарын бузат”. Текшерүү үчүн  суу сүзүп жатып ал Ысык-Көл жээктерине туристтер жана жергиликтүүлөр таштаган таштандылар тууралуу кеп козгоду.

Кыргыз жана фин адистери анча чоң эмес катерди суу үлгүлөрүн алуу үчүн колдонушат. Анткени чоңураак транспорт каражатына зарылчылык жок, жээктен алыс эмес жерде иштешет. 2017-жылы экологдор жалпысынан көлдүн 39 жеринде өлчөөлөрдү жүргүзүштү. Мониторинг эми эле жаңыланган 2015-жылы андай текшерүү чекиттери 20 гана болчу.

Аябай терең  жерлерде өлчөө Кыргызгидрометтин “Мөлтүр” деп аталган илимий-изилдөө кемесинде жүрөт. Аны РСФСРден Кыргызстанга 60-жылдардын аягында алып келишкен эле. Кемеде изилдөө жүргүзүүгө бардык жабдыктар, ал тургай чакан лаборатория да бар.

“Ысык-Көлдүн түндүк жээги санаторий жана жеке үйлөргө жык толгон. Көлгө агынды сууларды чыгарууга тыюу салынган, бул үчүн айып пул салынат. Бирок көлгө агынды суулар жер астындагы суулар менен чогуу кириши мүмкүн,  мунун кесепети оор. Жайкы эс алуу маалында көлгө басым күчөйт, жыл сайын скутер, катер, яхта сыяктуу суу транспортторунун саны өсүүдө. Бул көлдүн жээк тарабындагы сууга гана эмес, бүтүндөй акваторияга таасир этиши мүмкүн”, – дейт  Кыргызгидрометтин табият булгануусун байкоо башкармалыгынын башчысы Людмила Нышанбаева. 

Экологдор 39 жерде жарым метрден суунун эң түбүнө чейин ар кандай тереңдикте өлчөөлөрдү жүргүзүшөт.  Алынган үлгүлөр лабораторияларда изилденет. Алгачкы анализдер кемеде эле жасалат, а татаалырактаары Кыргызгидрометтин жана Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттигинин стационардык лабораторияларында жүргүзүлөт.

Алардын катарында химилиялык курамы, минералдашуунун деңгээли, кычкылтек менен каныкканы жана электр өткөрүмдүүлүгү бар. Экологдордун айтымында кычкылтек  Ысык-Көлдө жашаган балыктар үчүн гана маанилүү эмес, анын азайышы – көлмөнүн булганышынан кабар берет, бирок кыргыз берметинде азырынча бул көрсөткүч жогору бойдон калууда.

Долбоор катышуучулары лабораториялык изилдөөлөрдөн сырткары жөнөкөй, бирок маанилүү делген башка изилдөөлөрдү да жүргүзүшөт. Суунун тунуктугун жана түстүүлүгүн аныктоо үчүн Секки дискин колдонушат. Бул тээ 19-кылымда сууну изилдөөгө колдонушкан кадимки ак диск.

Адистер суунун түстүүлүгүн аныктаган шкала

Аркандалган жабдыкты сууга ташташат. Ал көзгө көрүнбөй калган тереңдик суу тунуктугун көрсөтөт. Изилдөө  боюнча Ысык-Көл суусу 19 метрге чейин тунуктугун сактайт.

Анан дискти ошол тереңдиктин жарымына чейин көтөрүшөт да түстүүлүктү өлчөшөт. Суу түсүн ак дисктин айланасында атайын шкала  менен салыштырышат. Ал совет доорундагы окумуштуулардан калган анча чоң эмес жыгатч куту, ичинде ар кандай түстөгүү суу куюлган анча чоң эмес ампулалар бар.

Совет доорундагы жана азыркы көрсөткүчтөрдү салыштырып отуруп адистер Ысык-Көл суусунун курамы байкалаарлык өзгөрүлбөгөнүн айтышат. Көл азырынча өзүн өзү тазалоо мүмкүндүгүн сактап келе жатат жана жээктен алыс жакта суу жыл бою таптаза бойдон.

Ысык-Көлгө негизги зыян туристтик маалда жээк тараптан келтирилет. А эң эле булганган аймак – Балыкчы шаарындагы нефти база жана кеме оңдоо заводу тарап.

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери Ольга Шестованын айтымында, акыркы 20 жылда Ысык-Көл суусунун курамы көп деле өзгөрбөдү, бирок бул деген көл рационалдуу пайдаланылып жатат дегендикке жатпайт.

“Суу сапатынын начарлашы – узакка созулчу жараян. Азыр биз жасап жаткан жакшы эмес аракеттерибизге көл кийин жооп кайтарат. Бул өтө татаал организм, кайра кайтпай турган ирмем качан келерин биз айта албайбыз. Бул боюнча татаал изилдөөлөр өткөн, бирок бирдиктүү пикирге эч ким келе алган жок. адамдар түшкөн күч мында өтө жогору. Кышында туристтердин азайышы гана абалды кармап турат”, – дейт Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Чолпон-Атадагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Ольга Шестакова. 

Чолпон-Атадагы адистер көл суусун анализдеп жатышат

Эксперт совет доорунда жээктен бери карай эки чакырым аралык корук деп саналып, ал жакка санаторй жана пионердик лагерлерден сырткары  чарба жүргүзүүгө тыюу салынганын эстейт. Азыр болсо ал аймакты көл чоң деп 100 метрге чейин кыскартып салышты.

Ал Ысык-Көлдүн өзүн өзү тазалоо касиети жогору экенин айтат, бирок ошол жөндөмдүүлүктүн да чеги болот.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz