Окумуштуулар “Игра в кальмара” сериалынын өзөгүн табышты

“Игра в кальмара” аталышындагы сериал дүйнө жүзү боюнча рекорд коюуда. Ал Netflix сервисиндеги эң  көп көрүүчү чогулткан алгачкы корей сериалы болду.

Орусиялык илимпоздор тасманын популярдуулугунун сырын изилдөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында кинонун идеясын жаратууга түрткү болгон бир нече булактарды аныктоого мүмкүн болду. 

Жасалма интелектти колдонгон бул тасманын сценарийи Агата Кристинин  “Десять негритят” аталышындагы романдын негизинде жазылган. Андан тышкары, текшерүүнүн алгачкы мүнөттөрүндө “Королевская битва” деген япон тасмасы менен да окшоштуктар байкалган.

Изилдөөнүн автору Евгений Гарин “Россия газетасына” билдиргендей, жогорудагы аталгандардан башка дагы көптөгөн популярдуу кинолор менен окшоштуктарды байкоого болот. Мисалы: Япон коркунучтуу тасмасы “Страшная воля богов”, “Голодный игры”, ал тургай хит кино катары саналган “Игра престолов” тасмасы менен да окшоштуктар табылды.

Сериалда финансылык жактан кыйынчылыкка учураган адамдардын көйгөйдөн чыгуу үчүн тирүү калуу оюнуна катышып, өз өмүрүн тобокелге салгандыктары тууралуу баяндалат. 

Тасманын режиссеру көрүүчүлөрдүн арасында талкуу жараткан акыркы көрүнүштөр тууралуу түшүндүрмө берди. Шоунун жеңүүчүсү татыктуу акчалай сыйлыкка ээ болот – күтүлбөгөн жерден чачын ачык кызылга боёону чечет. Режиссер Хван Дон Хек бул аркет  каармандын коркунучтуу мелдештерге жана анын жаратуучуларына болгон бардык ички каарын көрсөтөрүн ачыктады.

Эксперттердин божомолдору боюнча бул сериал Netflixтин тарыхындагы эң популярдуу тасма болуп калышы мүмкүн.

Аймээрим Гүлжигитова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.