FB Twitter YouTube Одноклассники

Октябрдан пенсиянын көлөмү 520 сомго көбөйөт

Окятбрь айынан тарта 6 000 миң сомго чейин пенсия алгандарга 520 сом кошулат. Андан жогору пенсия алуучуларга суммасына карата 7 пайыздан көбөйөт. Бул тууралуу Социалдык фондун Ош шаарындагы башкармалыгынын пенсия төлөө бөлүмүнүн башчысы Мастуракан Мамытова билдирди.

Анын айтымында, 1-2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге дагы ушундай эле ченем менен пенсия кошулат. Ал эми 3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 50 пайызга жогорулай турган болууда. Каражаттын суммасынын жогорулашы пенсионерлердин муктаждыгын камсыздай алат деп ишендиришет адистер.

Бирок экономикалык серепчилер бул ойго кошулбайт. Анткени 500 сомдон тегерегиндеги пенсиянын көбөйүшү менен эле маселе чечилип калбайт. Экономикалык серепчи Эрлан Камаловдун белгилешинче, пенсионерлердин каражатка болгон муктаждыгы күч. Андыктан сумманы бир топ эле жогорулатуу зарыл.

Белгилей кетсек, жыл сайын пенсиянын көлөмү 200 сомдон 500 сомго чейин жогорулайт. 2015-жылы пенсиянын орточо көлөмү 4 790 сомду түзсө, бул жылдын аягына карата 5 570 сомго жетет.

Сүрөт: Спутник

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz