Октябрдан баштап дарыгерлердин айлык акысы көтөрүлөт

1-октябрынан тарта дарыгерлердин  айлык акысы жогорулатылат. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда Ош облусунун Чон-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

Премьер-министр эки оорукананын дарыгерлеринин иш бөлмөлөрү жана палаталар менен таанышты. Андан соң, дарыгер жана медициналык кызматкерлер менен баарлашып   тиричилик шарттарын, эмгек акысын жогорулатуу маселесин талкуулады.

«Жаңы ооруканалар – бул тийиштүү жабдуулар жана дары-дармектер менен жабдылган заманбап медициналык мекемелер», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан сырткары, жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2017-жылы биринчи медициналык жардам көрсөткөн дарыгерлердин орточо маянасы 12 миң сом, орточо персоналдыкы 9 миң сом, медайымдардыкы 6 миң сомду түзгөн.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген