Оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат

Оң рулдуу унаалар менен жүк жана жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Буга акыркы учурда байма-бай катталып жаткан жол кырсыктары себеп болууда. Оң рулдуу унаалар менен такси кылууга тыюу салган мыйзам 2020-жылы күчүнө кирмек. Бирок акыркы кезде жол кырсыктары кескин өскөндүктөн, Ички иштер министрлиги мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2018-жылга жылдырууну демилгелеп чыгып, долбоор коомдук талкууга коюлду.

Ош шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Чолпон Арстанбековдун айтымында, Ош шаарында жыл башынан бери 400гө жакын жол кырсыгы катталса, анын 25%га жакыны, ал эми республика боюнча катталган кырсыктардын 30%ы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон.

Ал эми айдоочулар ИИМдин бул аргументине макул эмес. Анткени жол кырсыктарына айрым шоопурлардын жол эрежелерин сактабаганы, жолдордун начар абалы сыяктуу факторлор көбүрөөк таасир этет. Азыр экономикалык каатчылык күчөп турган учурда миңдеген үй-бүлөнү нанынан ажыратуу туура эмес деп эсептешет алар. Ал ортодо айдоочулар президент Сооронбай Жээнбеков оң рулдуу унааларга киргизилип жаткан чектөөнү алып салат деп үмүттөнүп жаткандыктарын, анткени президенттик шайлоо алдында бул мыйзам долбоору ишке кирбейт деп убада бергенин айтып өтүштү.

Кыргызстандагы 1 млн 200 миңге жакын унаанын 30%ын оң рулдуу унаалар түзөт.

“Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

 

Журналист: Айдай Беделбек кызы

Оператор-монтажер:  Нурсултан Абдыкерим уулу

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz