Оң рулдуу унаа айдаган таксисттер жаңы жылдан тарта жүргүнчү ташый албай калышы мүмкүн

Кыргызстанда коммерциялык багытта жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унааларга жаңы жылдан баштап тыюу салынат. Мындай мыйзамдын доолбоорун Ички иштер министрлиги сунуштап, учурда ал коомдук талкууда турат.

Максаты – өлкөдөгү жол кырсыктарынын алдын алуу. Маалыматка ылайык, ушул жылдын алты айында эле оң рудуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы 826га жеткен. Кырсык кесепетинен 91 адам каза болуп, 1343 адам денесинен ар кандай жараат алган.

Буга байланыштуу 2020-жылы кабыл алына турган  “Автомобиль транспорту” жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” мыйзам долбоорун келээрки жылдын башында ишке киргизүүгө туура келген.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz